ИЧИ ТАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл. Ичи тар, кара мүртөз ата-бабаларынан берки сөөлөтүн казалга айлантпасыңды билип ызырынууда (Бейшеналиев). Сенин ичиң тар, өзүмчүлсүң (Бердикеев). Өзү чогоол, ичи тар, Көңүлүндө кири бар (Жантөшев). Жолдош болом дебегин, Эзелден ичи тар менен (Барпы). 2. Кызганчаак, абдан кароо, териси тар. Менин ичим тар, байкап жүр деп, күлүп койду («Чалкан»).